БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бүгүн Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы стадионго кызмат учурунда курман болгон милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык кабарчы билдирди.
![Бүгүн Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы стадионго кызмат учурунда курман болгон милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевдин ысымы ыйгарылды Бүгүн Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы стадионго кызмат учурунда курман болгон милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевдин ысымы ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103355/19/1033551972_0:35:959:639_600x0_80_0_0_739835b25d0a0cbc83a4c8fed2efb47e.jpg)
![Маркум Актилек Абдувалиевдин мектепти бүткөнүнө быйыл 10 жыл толмок. Маркум Актилек Абдувалиевдин мектепти бүткөнүнө быйыл 10 жыл толмок. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103355/19/1033551979_0:35:960:639_600x0_80_0_0_2612351964cb269c63c4354f37a4f6a4.jpg)
Маркум Актилек Абдувалиевдин мектепти бүткөнүнө быйыл 10 жыл толмок. Буга байланыштуу өзү туулуп өскөн айылдагы стадионго анын ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлгөн. Натыйжада маркумдун ата-энеси 100 миң сом, классташтары 130 миң сом чогултуп, стадионду оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.
Анын ачылыш аземине маркумдун классташтары, туугандары жана ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков баштаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө волейбол жана теннис боюнча мелдеш уюштурулду.
Каза болгон кызматкерге ИИМ тарабынан 2 млн 300 миң сом компенсация төлөнүп берилген. Кийинчерээк президент Атамбаев ата-энесине Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырган. Ошондой эле президенттик фонддон 100 миң, Бишкек ШИИББден 190 миң, Октябрь РИИБи тарабынан 90 миң сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.