Sputnik Кыргызстан агенттиги Россияда кино, теле жана шоу дүйнөсүндө өз ордун тапкан кыргызстандыктарды тизмектеп чыкты.
Сардар Исмаилов
Москвадагы бир топ кече, концерт, фестиваль, тойлордун көркүн ачкан Руслан Айматов аттуу алып баруучу бар. Улуту кыргыз экенине карабай, аны "Лукойл", "Макдональдс", "Credit swiss" сыяктуу ири компаниялар өз иш-чараларын алып барып берүүгө чакырышат. Баса, анын өз аты — Сардар Исмаилов. Алып баруучулук ишмердүүлүгүн жаңы баштаган жылдары Сардар аттуу террорчу чыгып, бул ысым элдин кыжырын келтиргендиктен, каймана ат алууга туура келген. Исмаиловдун кесиби музыкант, Москвага дагы музыкалык билим алуу үчүн барган. 2014-жылы "Ренессанс арт" коомдук фондун уюштуруп, ал аркылуу Кыргызстанга Россиянын классикалык музыкасынын жылдыздарын алып келип жүрөт. Исмаиловдун чакыруусу менен Бишкекте Алексей Набиулин, Николай Саченко, Дмитрий Харатьян сыяктуу атактуулардын чыгармачыл сапарлары уюштурулган.
Жаннат Керимбаев
"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу. Башында КВНге аралашып жүрүп, кийин азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана дагы бир КВНчи Василий Куценко үчөө Россиянын телеканалдарында эмгектенишкен. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдашчу. Андан соң "Кухня" сериалынын сценарийин жазып жүрүп, кыргызстандык Айнуранын образынын пайда болушуна себепкер болгон. Учурда ал сериалдын уландысы болгон "Отель Элеон" тасмасында өзү дагы образ жарата баштады.
Жаңыл Асанбекова
"Кухня" сериалынан кийин чыгармачылык доору башталган Жаңыл Асанбекова бүгүнкү күндө бир катар орус тасмаларында роль жаратып, актрисалык карьерасынын үзүрүн көрүп жаткан учур.
Ал жакында эле француз режиссеру Гийом Проценконун "Разбуди меня" тасмасына тартылып, фильм Бишкекте көрсөтүлдү. Актриса Советтер Союзу учурунда Москвага театралдык окуу жайдан билим алуу үчүн барып, ал жактан жолдошу менен табышкан. Ошондон бери чыгармачылыкка жакын жүргөнү менен кино тармагына "Кухня" сериалынан тарта кадам таштады.
Василий Куценко
КВНчи жана сценарист Василий Куценко алгач өлкөнүн КВН боюнча курама командасында ойночу. Ал эми азыр белгилүү "Кухня" сериалынын жаратуучуларынын бири. Мындан тышкары, бир нече көркөм тасмаларга сценарий жазып жүрөт. Анын "Последний богатырь" деп аталган эмгеги боюнча Disney компаниясы менен бирге тасма тартылган. Россиядагы эмгек жолун, жогоруда айтылгандай, СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүнө сценарий жазуу менен башталган.
Азиз Бейшеналиев
Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдогон. Анын аты Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Казакстанда өзгөчө таанымал. Анткен менен ушул тапта Россиянын кино тармагында өз ордун таап, "Лектор", "Дом на Озерной", "Дворик", "Судьба на выбор", "Снайперы: Любовь под прицелом" сыяктуу тасмаларга тартылган. Актер 2015-жылы өзүн режиссер катары сынап көрүү максатында Москвадан Алматы шаарына көчүп кеткен. Учурда Сейтек аттуу уулун тарбиялап жаткан кези.
Елена Полякова
Бишкектик Елена Полякова учурда россиялык белгилүү алып баруучу Андрей Малахов менен иштешет. КРСУнун журналистика факультетин бүтүргөн Полякова жергиликтүү телеканалда жаңылыктарды алып барчу. Ал эми Москвага билим алуу максатында төрт жыл мурда барып, Малаховдун онлайн-журналына кабарчы болуп орношкон. Азыркы күндө Россиянын бир топ жылдыздарынан маек алып, журналисттик кесибин улантып жаткан кези.
Эмил Раев
Москвада көчө шыпырып, пол жууп, эмгек жолун баштаган Эмил Раев учурда ТНТ телеканалынан көпчүлүк күтүп көргөн "Интерны", "Универ", "Саша Таня", "Бородач" жана "ХБ шоу" сериалдарын тарткан топтун оператору болуп иштейт. Орто мектепти аяктаары менен Россияга барган Эмил бир топ жыл кара жумуштарда иштеп жүргөн. Азыркы эмгектенген ТНТ телеканалына дагы пол жуугуч катары жумушка орношкон. Өзүнүн айтымында, ал азыр телеканалда ири суммадагы маяна алган операторлордун катарына кирет.
Светлана Назаренко жана "Город 312" тобу
Ырчы Светлана Назаренко чыгармачылык жолун туулуп өскөн Кыргызстанда баштаган. Ал кийин Россияга барып, 2001-жылы бишкектик музыканттардан турган "Город 312" тобу негизделген. Аталган топ орус коомчулугунда тез эле өз ордун таап, саналуу жылдар ичинде музыка дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу "Золотой граммофон", "Новые песни о главном" сыяктуу сыйлыктарга ээ болгон. "Город 312" тобунун мүчөлөрү өздөрүнүн кыргызстандык экенин байма-бай жар салып, Бишкекке да тез-тезден каттап турушат.