Тажиев: маскарапозчулук — бул жашоо
Ал 70 жашка чыгып калса да жасаган ишинен ырахат аларын баса белгиледи.
"Кичинекей балдарды алдай албайсың. Адамга кызыл-тазыл кийим кийгизип, мурун жасап, манежге чыгарып маскарапоз кылып коюу оңой. Азыр көпчүлүгү ошентип жүрүшөт. Бирок элдин кабыл алуусу түрдүү болот. Элди күлдүрүп, маскарапоз болуш үчүн көкүрөктө жаш бала жашаш керек", — деди ал.
Тажиев ошондой эле 52 жылдан бери циркте иштеп келе жатканын айтып, манежге чыкканда элдин кол чабуусунан, балдардын түртүп, кийимден тарткылап, коркпой алар менен ойногону ар бир маскарапоз үчүн ырахат экенин билдирди.