БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. №27 түзөтүүчү колониясында экстремизм жана терроризм боюнча жаза өтөп жаткан кишиге уюлдук аппарат жеткирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГСИН КРЖарым литрлик майонездин ичинен табылган уюлдук аппарат, наушник, заряд берүүчү каражат жана эки SIM-картасы
![Передача запрещенных вещей осужденному колонии №27 Передача запрещенных вещей осужденному колонии №27 - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103368/84/1033688439_0:0:850:1133_600x0_80_0_0_a5cd3ae06948a2f2e373ce93ad8c77f8.jpg)
Жарым литрлик майонездин ичинен табылган уюлдук аппарат, наушник, заряд берүүчү каражат жана эки SIM-картасы
© Фото / пресс-служба ГСИН КР
Өткөн ишемби күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунан келген аял абактагы кишиге азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда мекеменин кызматкерлери жарым литрлик майонездин ичинен уюлдук аппарат, наушник, заряд берүүчү каражат жана эки SIM-карта табышкан.
Аял түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилген.