БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бешик ырлары боюнча респубиликалык конкурс өтөрүн Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусынан кабарлашты.
Анын максаты элдик жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү экенин уюштуруучулар баса белгилешти.
"Бала тарбиялап, чоңойтуудагы маанилүү жагдайлардын бири болгон бешик ырлары элдин турмушунан улам барган сайын жоголуп баратат. Бүгүн миӊдеген наристелер бешик ырын укпай чоӊоюуда", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чараны аталган фонд Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурууда.
Бешик ырлардын конкурсу 2017-жылдын 5-июнунан 1-ноябрына чейин жарыяланды.
Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер катыша алат жана ырдын жазылган тилине чек коюлбайт.