Эргешов: камсыздандыруу менен сел, көчкүгө кабылгандардын көйгөйү чечилмек
Үйлөрдү камсыздандыруу менен сел, көчкүгө кабылгандардын көйгөйү чечилмек. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик ссудаларды берүү менен маселе чечилбей жатат.
"Имараттар, үйлөр жараксыз абалга келди. Эми дагы 2000дей үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү милдети турат. Турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай иштебей жатат. Аны ишке ашыруу менен жогорудагы көйгөйлөрдүн бир тобун чечүүгө болот эле", — деди Эргешов.
Эл өкүлү камсыздандырылгандарга 500 миң сом жардам берилерин кошумчалады.