Журналист айым телевидениенин түмөн түйшүгү көп экенин, каалаган адам дароо экран алдына чыга албарын айтып берди.
"Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология факультетин бүтүргөм. Бирок эл алдына чыгып, экрандан көрүнүүнү самап телевидениеге келгем. Дароо эфирге чыккан жокмун. Эки жыл штаттан тышкары кабарчы болуп текст жазганды, сюжет жасаганды үйрөнүп анан бара-бара диктор болдум. Бул кесипти аркалап кетиш кыйын экенин жон териң мен сезгенде анан билесиң. Кээде редактор жазган текстиңди ыргытып жиберип, бир күн кечке даярдаган сюжетиң белгисиз себептерден эфирден кетпей калчу", — деди Ташполот кызы.
Ал ошондой эле бир жылдары депутаттын кызы алып баруучу болом деп келип чыдабай жарым айда кетип калганын айтып, журналистика тармагы шык-жөндөмдү, талантты, эмгекти талап кылган кесип экенин баса белгиледи.