БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жакында залкар акын Жолон Мамытовдун обондуу ырларынын концерти өтүп, жакындары, туугандары, поэзиясынын күйөрмандары эскерет. Бул туурасында акындын жубайы акын жана драматург Меңди Мамазаирова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Ал чыгармачылык кече башкача формада өтөрүн айтты.
"Буга чейин Жолон акынга арналган мындай иш-чара өтө элек болучу. Анда поэзия окулат, андан соң ырчылар ошол эле тексттердин обонго салынган варианттарын аткарат", — деди Мамазаирова.
Уюштуруучулар концертти өткөрүүнүн максаты — акындын ырларынын өлбөстүгүн даңазалоо, анын эл арасында жашап жаткандыгын билдирүү экендигин айтышты.
Мамазаирова акындын ыр циклдерин кошкондо 60тай чыгармасына музыка жазылгандыгын айтты.
Концерт Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 17-июнда болот. Билеттер театрдын кассасында сатылууда.
Жолон Мамытов кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири. Анын "Отту сүйөм" деген алгачкы ыр жыйнагы 1969-жылы жарык көргөн. Андан кийин "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол, кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары чыккан. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге да которулган. Жолон Мамытов ошондой эле таланттуу котормочу болгон. Чет элдик көркөм адабияттын өкүлдөрү Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.