БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жакында балдар үчүн "ЖЕТИКС" деп аталган кыргыз тилиндеги фантастикалык тасма тартыларын Sputnik Кыргызстан агенттигине фильмдин режиссеру Сүйүн Откеев билдирди.
Тасманын каармандарын тандоо үчүн эми 12-16 жаштагы окуучулардын арасында кастинг өтүп, тартуу иштери 20-июлда башталат.
"Сюжет боюнча "Торгук" деген аймакта күн сайын бирден бала жоголо берет. Өлкөдө коменданттык саат жарыяланып, эл жапырт көтөрүлө балдарды издейт. Ошондо айласы түгөнгөн күч органдары мектеп окуучуларынан турган "ЖЕТИКС" командасын түзөт. Алардын ар биринин өзгөчө өнөрлөрү болот. Мисалы, Шумкар жарыктын ылдамдыгы менен кыймылдаса, Карлыгач мен-мен деген хакерлерди "ыйлатып" коет. Ошентип достор күн сайын бирден жоголуп жаткан балдардын изине түшөт", — деди Откеев.
Анын айтымында, фильм кыргыз тилинде болгондуктан, учурда тасмага катышууну каалаган шаардык улан-кыздар кыргыз тилин жакшылап өздөштүрөбүз деп айылга кетип жатышат.
Фильмди 28-декабрында эл алдына алып чыгуу пландалып жатат.