Жай мезгилинде күн ачуу тийгендиктен бетке сөзсүз күндөн сактай турган бет майларды сүйкөө керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине косметолог Айнура Сагынбаева билдирди.
Анын айтымында, күндүн зыяндуу нурлары бет терисинин рагын пайда кылышы ыктымал.
"Күн нурунан сактануу үчүн күндөн коргой турган бет майларды сөзсүз колдонуу керек. Аларда SPF деген жазуу болот. Ар бир айымдын косметичкасында жөнөкөй эле күндөн сактай турган бет май болсо ал анын эрте картаюусунун аз да болсо алдын алат. Күндүн зыяндуу А типтеги узун жана B типтеги кыска нурлары болот. SPF B типтеги кыска нурлардан сактайт. Анткени кыска нурлардан адамдын бетине сепкил, так, бырыш түшөт. Ал эми А типтеги узун нурлар бет терисинин рак оорусун пайда кылат. Ошондуктан бет майды алаарда жакшылап көңүл буруп, UVA жана UVB блок деген жазуусу барын алыш керек", — деди Сагынбаева.
Ошондой эле дарыгер туура тамактануу бетке чоң таасирин тийгизерин айтып, ага убагында кам көрүү да бырыштын алдын аларын эскертти.