БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Борбор калаада 17-июнга караган түнү болжол менен саат 1.15дерде Киев 114\2 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 7-кабатындагы үйдөн өрт чыкканын ӨКМден кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МЧС КРБорбор калаада түнү Киев 114\2 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 7-кабатындагы үйдөн өрт чыкты
![Пожар на седьмом этаже 11-этажного дома на улице Киевской в Бишкеке Пожар на седьмом этаже 11-этажного дома на улице Киевской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103388/10/1033881068_0:0:774:1032_600x0_80_0_0_c86507b2c9fc53dd7f52d36efe45ba3a.jpg)
Борбор калаада түнү Киев 114\2 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 7-кабатындагы үйдөн өрт чыкты
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуя болгон жерге куткаруучулар, өрт өчүрүүчү үч унаа, милиция жана Тез жардам кызматы барган.
"Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 5-кабаттан 10-кабатка чейинки жашоочулар эвакуацияланды. Батирдин эшик-терезелери жана ичиндеги телефон, телевизор, диван, суу жылытуучу каражаты күйүп кеткен. Өрт 3.00дө толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМден кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жаткандыгын жана жабыркаган жарандардын жоктугун айтышты.