БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Таш-Көмүр шаардык хатибияттын кароосунда турган жетим балдардын турак жайын кайрымдуулуктан чогулган каражатка оңдоп беришти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ДУМКБалдардын атасы мындан беш жыл мурун каза болуп, апасы таштап кеткен
![Балдардын атасы мындан беш жыл мурун каза болуп, апасы таштап кеткен Балдардын атасы мындан беш жыл мурун каза болуп, апасы таштап кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103391/22/1033912225_0:0:900:505_600x0_80_0_0_8be0867112590eda96d4e34751fd06be.jpg)
Балдардын атасы мындан беш жыл мурун каза болуп, апасы таштап кеткен
© Фото / пресс-служба ДУМК
Билдирмеге ылайык, шаардык хатибияттын демилгеси менен ата-энесиз калган беш бир туугандын эскилиги жетип урап калуу алдында турган төрт бөлмөлүү үйү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ага кайрымдуулук фонддор жана кайдыгер карабаган калаа тургундары жардам көрсөтүшкөн.
Муфтияттын маалыматына ылайык, балдардын атасы 2012-жылы дүйнөдөн өтүп кеткен. Ал эми апасы балдарын таштап кетип калган. Кароосуз калган балдар 2014-жылдан бери Таш-Көмүр шаар хатибиятынын камкордугуна алынган. Бир туугандардын улуусу 17де болсо, кичүүсү 7 жашта.