БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Түштүк Кореядагы Сеул шаарында жайгашкан зоопарктардын биринде пилдер сууга түшүп кеткен баласын сактап калышты. Аталган окуя зоопарктагы видеого тартылып калгандыгын ABC News жазып чыкты.
Аталган ролик Seoul Grand Park зоопаркынын Facebook баракчасына жарыяланды. Ал видеодон энесин ээрчип бара жаткан пилдин баласы бассейнге түшүп кеткенин, ошол замат ары жактагы пил дагы жардамга келип, экөөлөп кичинекей жаныбарды жээкке алып чыкканын көрүүгө болот.
Зоопарктын кызматкерлери жаныбар жабыркабагандыгын кошумчалашты.