![Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103396/06/1033960639_0:0:3031:2023_600x0_80_0_0_392e20e8dcea384db8159beb22e26bcf.jpg)
Дастан Догоев Лондондун Кавендиш колледжинде, Кингстонск университетинде билим алып, Финансы министрлигинде иштеген. Андан кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.
![Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103001/79/1030017924_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_c1d8001f08ee48f89dbbd10ac4f7ee8d.jpg)
32 жаштагы Жийдеш Идирисова эки жыл мурда Эл аралык Тurkvision сынагынын жеңүүчүсү аталып, учурдагы популярдуу ырчылардын сап башында. Ырчы буга чейин тар чөйрөдө гана ырдап келген.
![Министр юстиции Кыргызской Республики Уран Ахметов Министр юстиции Кыргызской Республики Уран Ахметов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103123/79/1031237906_0:0:5472:3648_600x0_80_0_0_571f4ad9fafe73832d18c88df11ae464.jpg)
37 жаштагы Уран Ахметов 2016-жылдын ноябрь айында Юстиция министри болуп дайындалган. Ал Кыргызстан Эл аралык университетинде жана Японияда билим алып, юриспруденция тармагында эмгектенип келген. Учурда ал өкмөттөгү эң жаш министр.
![Певец Кайрат Примбердиев Певец Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102661/28/1026612814_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_defb37615c1b794c3153298e0104d9c5.jpg)
32 жаштагы Кайрат Примбердиев эки жыл мурда чыгармачылыгы өрт алып Россиянын сахнасында ийгиликтерди багындырып, акырындан КМШга таанылып келе жатат. Кайрат деген ысым кыргыз шоу бизнесинде 2005-жылы пайда болгон.
![Заседание фракции СДПК Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101411/77/1014117718_0:0:1200:868_600x0_80_0_0_9cc9aa22b4ac0bfbf4094a6459ef7a37.jpg)
37 жаштагы Индира Жолдубаева 2015-жылдын 29-январында Баш прокурор болуп дайындалган. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, юридика тармагында эмгектенип келген.
![Известный тенор КР Марат Ибраев Известный тенор КР Марат Ибраев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103334/07/1033340739_0:0:1584:1056_600x0_80_0_0_f2949ba48d90adbd948ecd921fec39c7.jpg)
Белгилүү опера ырчысы Марат Ибраев карьерасын отуз жашында баштап, 38 жашында вокалдык чеберчиликти үйрөнүп, кийин Италиядан билимин тереңдеткен. Учурда 48 жашта.
45 жаштагы белгилүү стилист-дизайнер, визажист Замира Молдошева карьерасын 2005-жылдан тарта ийгиликтүү улантып келет. Ал мезгилде кыргыз шоу-бизнесинин орто мууну калыптанып, Молдошева бир топ чыгармачыл адамдарга стилист-дизайнер катары жардам көрсөткөн.
31 жаштагы Нурбек Айбашов учурда популярдуу болгон "Апамды издеп" тасмасынын продюсери. Жаш продюсер буга чейин"Салам, Нью-Йорк!" тасмасын тарткан.
![Депутат Аида Салянова Депутат Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102099/80/1020998096_0:0:3681:2454_600x0_80_0_0_f4bec1b468f4ca9dfd017c477b4148bf.jpg)
Жогорку Кеңештин 44 жаштагы депутаты Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министри, бир жылдан кийин Баш прокурор болуп дайындалган. Салянова жогорку окуу жайларында окутуучу катары эмгектенип, бара-бара мамлекеттик жумуштарга олуттуу кирише баштаган.
41 жаштагы Наргиза Осмонова келиндер арасында өткөрүлүп келе жаткан эл аралык сынактардын жеңүүчүсү. Үч жыл мурун Америкадагы "Дүйнө ханышасы" сынагына катышып, биринчи орунду ээлесе, Кытайдагы "Аалам айымы — 2016" сынагынан "Ишкер айым" наамына татыган. Индияда өткөн "Missis Top of the World – 2016" сынагынан бешинчи орунду багындырган. Наргиза айым сынактарга катышып, чыгармачылыкка аралашып ырдаганга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
![Путешественник из Кыргызстана Азамат Жаналиев Путешественник из Кыргызстана Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102398/27/1023982782_0:0:2592:1456_600x0_80_0_0_ba12dc9cda750795e8f11e262f87d45a.jpg)
31 жаштагы Азамат Жаналиев бир жыл мурда мык менен жиптен сүрөт тартуу өнөрүн колго алып, ата мекендик белгилүү адамдардан тарта дүйнөлүк лидерлерге чейин портреттерин түшүргөн. Жаналиев "Улуу Кыргыз изи" долбоорунун негиздөөчүсү.