БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда XI кылымга таандык жер алдындагы тарыхый курулушта археологиялык иштер башталды. Бул тууралуу археолог, тарыхчы Кубат Табалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
![Нарын облусунун Кочкор районунда XI кылымга таандык жер алдындагы тарыхый курулушта археологиялык иштер башталды Нарын облусунун Кочкор районунда XI кылымга таандык жер алдындагы тарыхый курулушта археологиялык иштер башталды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/36/1034043635_0:41:1079:720_600x0_80_0_0_bbef6c934a27eb88abaa87b310b85c6b.jpg)
![Азыркы маалда казуу иштерине Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-түрк Манасуниверситетинин студенттери жана мугалимдери катышууда Азыркы маалда казуу иштерине Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-түрк Манасуниверситетинин студенттери жана мугалимдери катышууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/36/1034043640_0:41:1080:720_600x0_80_0_0_2adae4767259cb05f42a1f82d70afdff.jpg)
![Кочкор районунун Кош-Дөбө айылына Ош менен Бишкектен 28 адам келип, казуу иштерин аткарып жатат Кочкор районунун Кош-Дөбө айылына Ош менен Бишкектен 28 адам келип, казуу иштерин аткарып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/36/1034043645_0:0:1079:678_600x0_80_0_0_8e8967f299c16958a1f9578a6f415be8.jpg)
![Казуу иштерин түркиялык уюм каржылоодо Казуу иштерин түркиялык уюм каржылоодо - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/36/1034043650_0:41:1079:720_600x0_80_0_0_d57906780fde03a9ea1080b32bef81b3.jpg)
![Жакынкы мезгилде ыктыярчылар менен археологдорго түрк адистери жардамдашууга келет. Жакынкы мезгилде ыктыярчылар менен археологдорго түрк адистери жардамдашууга келет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/36/1034043655_0:41:1079:720_600x0_80_0_0_0f46572500807931b02f73d2a27ec55a.jpg)
Азыркы маалда казуу иштерине Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери жана мугалимдери катышууда.
Табалдиевдин айтымында, Кочкор районунун Кош-Дөбө айылына Ош менен Бишкектен 28 адам келип, казуу иштерин аткарып жатат.
Ал ошондой эле жергиликтүү тургундар буга чейин атайын техника менен алтын табуу максатында курулуштун кээ бир бөлүгүн бузуп салгандыгын кошумчалады.
Казуу иштерин түркиялык уюм каржылоодо. Жакынкы мезгилде ыктыярчылар менен археологдорго түрк адистери жардамдашууга келет.