БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Онкология жана гематология улуттук борборунда оңдоо жана реконструкциялоо иштери башталганын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
![Онкология жана гематология улуттук борборунда оңдоо жана реконструкциялоо иштери башталганын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты Онкология жана гематология улуттук борборунда оңдоо жана реконструкциялоо иштери башталганын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/85/1034048554_73:0:998:581_600x0_80_0_0_6e2b875a9b74c69cf0596c6804a73d63.jpg)
![Билдирмеге караганда, 28-июнда мамлекеттик Курулуш агенттиги жана оңдоо иштерин жүргүзө турган тараптардын катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлд Билдирмеге караганда, 28-июнда мамлекеттик Курулуш агенттиги жана оңдоо иштерин жүргүзө турган тараптардын катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлд - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/85/1034048571_95:0:1020:580_600x0_80_0_0_3815d5d73f5f8886d671f4c296efb4f3.jpg)
![Анда алдыда жүргүзүлө турган иштердин планы кабыл алынган. Анда алдыда жүргүзүлө турган иштердин планы кабыл алынган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103404/85/1034048565_79:0:1004:580_600x0_80_0_0_84f519dde321789a2a57bd1b44d86f91.jpg)
Билдирмеге караганда, 28-июнда мамлекеттик Курулуш агенттиги жана оңдоо иштерин жүргүзө турган тараптардын катышуусунда жумушчу жыйын өткөрүлдү. Анда алдыда жүргүзүлө турган иштердин планы кабыл алынган.
"Онкология жана гематология улуттук борборун оңдоо жана реконструкциялоо иштери президент Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлүнө алынып, бюджеттен 150 миллион сом бөлүнгөн. 21-июнда тендерди "Эмарк групп" компаниясы жеңип чыгып, кийинки күнү демонтаж иштери башталган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган борбордун имараты Жукеев-Пудовкин менен Ахунбаев көчөсүндө жайгашып, 5,59 гектар жерди ээлейт.