БИШКЕК, 30-июн.— Sputnik. Мамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева 83 жашында дүйнө салды. Бул туурасында жакындары кабарлашты.
![Дочь председателя Совета народных комиссаров Кыргызстана Баялы Лариса Исакеева Дочь председателя Совета народных комиссаров Кыргызстана Баялы Лариса Исакеева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103408/38/1034083880_0:0:978:1350_600x0_80_0_0_d9476644eeff07273728a17150051e39.jpg)
Кезегинде "эл душманы" аталган кишинин кызы атасынан ажырагандан кийин балдар үйүндө тарбияланган.
41 жашында "эл душманы" болуп аталып, атылган атасын (Баялы Исакеев – ред.) оозунан түшүрбөй, ал тууралуу ар кыл маалыматтарды топтоп жүрүп, армандаган тейде өтүп кетти.
Анын атасы туурасында төмөнкүдөй эскерген учуру бар.
"Атам мен үч жашка чыкканымда камакка алыныптыр. Ал күн 1937-жылдын 10-сентябры экен. Өгөй энем Надежда Щеглованын туулган күнүн белгилейбиз деп дасторкон жайып алып, күтүп отурганбыз. Ал кезде атам Кыргызстандын Эл комиссарлар комитетинин төрагасы, азыркыча айтканда премьер-министр болуптур. Ал күнү атам келбей калат. Ал эми бир нече күндөн кийин анын камалганы кабарланып, энем Надежда Дмитриевнаны да темир тордун артына отуругузушат", — деп эскергени бар.
Жакындары Исакеева өмүрүнүн акыркы күндөрү ооруп калгандыгын, кечээ, 29-июнда түбөлүк жайга узагандыгын айтышты.