БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бириккен Улуттур Уюмунун Аялдарды жана кыздарды гендердик зомбулуктан коргоо фондунун бир жылдык отчетунун биринчи бетине Сары-Челек көлүнүн фонундагы кыргыз окуучуларынын сүрөтү жарыяланды. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына сүрөткө ээлик кылган Кыргызстан улуттук кыздар федерациясынын жетекчиси Алтынгүл Кожогелдиева жарыялады.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Алтынгүл Кожогелдиева менен байланышып, сүрөттүн качан жана кандай жагдайда тартылгандыгын сурап билди.
"Бул сүрөт 2015-жылы "Зомбулуксуз жашоо-турмуш мектеби" тренингине спикерлерди даярдоо маалында тартылган. Сүрөттө өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорунан келген окуучулар. БУУ бул сүрөттү жарыялоо алдында бизден уруксат сураган", — деди Кожогелдиева.
Анын айтымында, аталган отчетко чоң ийгилик жараткан бирикме катары Кожогелдиева жетектеген федерация тууралуу макала жарыяланган.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан улуттук кыздар федерациясы буга чейин БУУнун "Айылдык кыздардын зомбулуктан коргонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү" деп аталган эки жылдык долбоорун ишке ашырган.