БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. New York Times гезити АКШнын президенти Дональд Трампка арналган макаланы Twitter баракчасына жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Билдирмеге караганда, макаланын тексти үч сөздөн гана турат.
Simple and straight to the point in today's @nypost… pic.twitter.com/IcZd7Cp9RC
— Maggie Coughlan (@MaggieCoughlan) 30 июня 2017 г.
"Токтот. Болду токтот", — деп макалада жазылган.
Буга чейин аталган каналдын алып баруучулары Мика Бжезински менен Жо Скарборо АКШ президентине сын айтышкан. Андан кийин Дональд Трамп өзүнүн Twitter баракчасына эки журналистти тең деңгээли төмөн акмактар деп жазган болчу. Ал ошондой эле жаңы жыл алдында бул эки алып баруучу Ак үйгө конокко келгенин айтып, бетине пластикалык операция жасаткан Бжезински "кансыраганын" кошумчалаган.
Америкалык саясатчылар Трамптын сөзүн көңүл сыртында калтырбастан анын мындай кылыгын сынга алышты.