БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Москва шаарында "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Троекуров көрүстөнүндө болууда.
"Ырчы менен коштошуу үчүн белгилүү артисттерден тартып күйөрмандарына чейин келишүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев 29-июнь күнү эртең менен оорудан улам көз жумган.