00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Манас" аэропорту жаңыланып, унаа токтотуучу 550 орундуу жай курулат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТерминал "Манас 2" в Бишкеке
Терминал Манас 2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын башкы аба майданы жакын арада кандай жаңыланарын "Манас" эл аралык аэропортунун өкүлдөрү айтып беришти.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жакынкы келечекте "Манас" эл аралык аэропортун өзгөрүүлөр күтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында аэропорттун инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директорунун орун басары Нурсултан Белеков билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропортунун инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директорунун орун басары Нурсултан Белеков
Замглавы дирекции инвестиционного и инфраструктурного развития ОАО МАМ Нурсултан Белеков - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эл аралык аэропортунун инвестициялык жана инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директорунун орун басары Нурсултан Белеков

Анын айтымына караганда, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында 30 долбоор каралган. Алардын бири "Манас" аэропортун реконструкциялоо" деп аталат. Анда үч компонент камтылган.

Биринчиден — аэровокзал комплексин кеңейтүү,  унаа токтотуучу 550 орундуу көп кабаттуу жай куруу жана анын кире беришин оңдоо каралган.

"Бардыгыбыз жакын арада аэропорттун сырткы көрүнүшү жапжаңы болорун көрөбүз жана жүргүнчүлөр үчүн да шарттар жакшырат",  — деди Белеков.

Анын айтымында, экинчиден аэропорттун жүрөгү болгон учуп-конуу тилкеси оңдолот.

"Эгер ал авиациялык коопсуздук боюнча бардык стандарттарга жооп бербесе, кандай гана кооз терминал куруп койгон менен анын пайдасы жок болот", — деген пикирин Белеков билдирди.

1974-жылы учуп-конуу тилкеси курулуп, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Аэропорт өз каражатына жыл сайын аны оңдоп, учуп, конууга ыңгайлуу кылып келет. Бирок бүгүнкү күнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоор иштелип чыкты. Белековдун айтымында, бул кадам "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилиги үчүн эң маанилүү иштерден болуп саналат.

Эйр Кыргызстан авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайга "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын 49% акциясы сунушталды
Үчүнчүдөн — авиатехникалык базаны жаңылоо.

"Автоунаа сыяктуу эле учактын да дөңгөлөгүн, майын алмаштырып туруу керек. Тилекке каршы, бүгүн биз СССР маалындагы гана учактарды тейлей алабыз. Буюрса жакын арада батышта жасалган учактарды да оңдой алгыдай деңгээлге жетебиз", — деди ал.

"Манас" эл аралык аба майданынын курамына 11 аэропорт жана башка туунду компаниялар кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0