Жан эргиткен музыка шаңдуу маанай тартуулап кимдин гана көңүлүн көтөрбөйт. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги музыкага туйлаган дүйнө лидерлерин тизмектеп чыкты. Рахаттанып көрүңүз!
Курманбек Бакиев
Кыргызстандын мурдагы президенти 2007-жылы өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө борбордук аянтта "Андижан полькасын" бийлеген.
Нурсултан Назарбаев
2016-жыл жаңырар алдында Нурсултан Назарбаев Астанадагы кайрымдуулук кечесине барган. Анда казак башчысын "Казакстан сулуусу — 2015" сынагынын жеңүүчүсү Алия Мергенбаева бийге чакырган.
Барак Обама
Ал эми АКШнын экс-перизденти Барак Обама Аргентинага иш сапары менен барып, кечки тамактануу учурунда танго бийин чимириле бийлеген.
Борис Ельцин
Россиянын мурдагы президенти, маркум Борис Ельцин 1996-жылы шайлоо алдында Ростов-на-Дону шаарындагы шайлоочуларына бийлеп берген.
Гурбангулы Бердымухамедов
Ыр-бийге жакындыгы жагынан президенттер арасынан Түркмөн лидери алдына киши салбаса керек. 2015-жылы анын калеминен жаралган чыгарманы 4166 адам бир учурда аткарып, аталган ырдын жаратуучусу катары президент Гиннесс китебине кирген.
Ислам Каримов
Өзбекстандын тунгуч президенти, маркум Ислам Каримов өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндөгү салтанатта (2014-жыл) аянттагы эл менен бийге түшкөн.
Рамзан Кадыров
Чечен республикасынын лидеринин эл алдында бийлеши жаңылык деле эмес. Кандай гана сүйүнүч болбосун Кадыров аны лизгинка менен тосуп алат.
Николай Федоров
Чувашия республикасынын мурдагы башчысы Николай Федоров көпчүлүктүн эсинде заманбап бийлердин "чебери" катары сакталып калды.
Ыр-күүгө жакын президенттер тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>