Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кайгуул милициясынын кызматкери ШИИБдин имаратынын ичинде видео тартууга тыюу салууга аракет кылды.
Бул тууралуу видео YouTube порталындагы ПМ-KG каналына жүктөлгөн.
Жыйынтыгында аны милициянын формасындагы адам ары жакка алып кетет.
Бул видеонун автору менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы байланышканда, ал ШИИБдеги досуна документ алууга жардам берип жүргөнүн айтты.
"Бул окуя 3-июль күнү болгон. Айрымдардын айтканына караганда, ал киши көп убактан бери штаттан сырткаркы кызматкер катары иштеп келет экен. Видеого алгач досум тартып жаткан. Качан гана тиги киши телефонду талаша баштаганда, аппаратты мен ала койгом. Анын үстүнөн даттанган жокмун", — деди автор.
Кайгуул милициясынын билдиргенине караганда, видеонун каарманы чын эле Бишкек ШИИБинин Кайгуул милициясында административдик тажрыйба жаатында иштейт.
"Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", — деп маалымат кызматынын билдирүүсүндө айтылат.
Ал эми кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлө элек.