ОШ, 5-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы жеке клиникалардын биринде сейрек кездешүүчү операция жасалып, бейтаптын жүрөгүнө үч камералуу дефибриллятор аппараты орнотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына кардиохирург-аритмолог Курбан Калысов билдирди.
Анын айтымында, операция 5-июлда 67 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө жасалган.
"Аялдын жүрөгүнө үч камералуу дефибриллятор аппараты орнотулду. Анткени бейтаптын жүрөгүнүн согуу ритми солгундап, жүрөгүнүн иштеши начарлап, өмүрүнө коркунуч жаралган. Операция эки саатка созулду", — деди Калысов.
Операцияны кардиохирургдар Курбанбек Калысов менен Фаррух Абдуганиев жасашкан.
"Учурда өлкөдө аритмологдор көбөйүүдө. Себеби жаштар Россиядан жана башка мамлекеттерден билим алып жатышат", — деди Абдуганиев.
Операция жасалган 67 жаштагы бейтаптын абалы жакшы.