БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Учурда комиссия иштеп жатат, биз өз кемчилигибизди жашырбайбыз. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Балыкчыдагы төрөтканадан ымыркайдын жоголгону тууралуу кабарга түшүндүрмө берип жатып билдирди.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев эгиз төрөлмөк деген кабар боюнча өзүнүн оюн билдирди.
"Энени сен эгиз төрөйсүң деп башынан айтып коюп, кийин бир эле ымыркайды бергенде анын абалын элестетип көрүңүз. Учурда комиссия иштеп жатат. Биз өз кемчилигибизди жашырбайбыз. Бул ишке тиешеси болгондордун бардыгы мыйзам алдында жооп бериши керек. Ошол эле учурда квалификацияны жогорулатуу жана лицензияны берүүнү катуулатуу зарыл", — деди Батыралиев.
Ал ошондой эле бир учурларда дарыгерлер менен соттошууну өзү да каалаганын айтып берди.
Учурда бул боюнча Ысык-Көл облустук милициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүүдө.