БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июль күнү иш сапары менен Чүй облусун кыдырат. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков "Кара-Балта — Бишкек" жолунун курулушу менен таанышып, "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайынан ишмердүүлүгү боюнча маалымат алат.
Мындан сырткары, өкмөт башчы Сосновка жана Букара айылдарындагы мектептердин курулушун көрүп, Кара-Балта шаарындагы "Два союза" ишканасына барат.