Калысов: алгачкы ирет бейтаптын жүрөгүнө үч камералуу атайын аппарат койдук
Ош шаарында алгачкы ирет бейтаптын жүрөгүнө үч камералуу дефибриллятор аппараты орнотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына кардиохирург-аритмолог Курбан Калысов билдирди.
Анын айтымында, операция 5-июлда 67 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө жасалган.
"Аялдын жүрөгүнө үч камералуу дефибриллятор аппараты орнотулду. Анткени бейтаптын жүрөгүнүн согуу ритми солгундап, жүрөгүнүн иштеши начарлап, өмүрүнө коркунуч жаралган. Операция эки саатка созулду", — деди Калысов.
Операцияны кардиохирургдар Курбанбек Калысов менен Фаррух Абдуганиев жасашкан.