БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы таштанды контейнерлер жулуп-тазалана баштагандыгын "Тазалык" муниципалдык ишканасынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 8-июль күнү эртең менен муниципалдык ишкананын кызматкерлери тазалоо иштерин колго алган.
Ишканадан алгач контейнерлерди жуучу каражаттар менен тазалап, анын артынан хлорду пайдаланып жаткандыгын айтышты.