БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине убактылуу айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Сатыбай Тууганбаев билдирди.
![Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады Аксынын Кара-Суу айыл аймагында катуу шамал болуп, мөндүр жаап бир нече бак-дарактар кулады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103426/59/1034265926_45:0:1076:648_600x0_80_0_0_400111021d4ab4c8d98b4883c1f7374b.jpg)
![12-июлда болжол менен саат 19.00дөрдө Топ-Жаңгак, Чалдыбар, Жүзүмжан айылдарында көлөмү алчадай болгон мөндүр жааган 12-июлда болжол менен саат 19.00дөрдө Топ-Жаңгак, Чалдыбар, Жүзүмжан айылдарында көлөмү алчадай болгон мөндүр жааган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103426/59/1034265914_0:50:960:653_600x0_80_0_0_c2926c8f4e9593bffa1b580b17758d4f.jpg)
![Мунун кесептенен бак-дарактар кулап, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен. Мунун кесептенен бак-дарактар кулап, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103426/59/1034265920_0:41:960:644_600x0_80_0_0_a80d74c3537243598c17c00f05ebd482.jpg)
Анын айтымында 12-июлда болжол менен саат 19.00дөрдө Топ-Жаңгак, Чалдыбар, Жүзүмжан айылдарында көлөмү алчадай болгон мөндүр жааган.
"Алгач катуу шамал болуп анын артынан эле мөндүр катуу жаап өттү. Мунун кесептенен бак-дарактар кулап, бир үйдүн чатырын учуруп кеткен. Арыктардан сел кетип унаа жолдорду бөгөп калды. Азыр айылдарды кыдырып жүрөбүз. Келтирилген зыяндар толук тактала элек", — деди Тууганбаев.
Ошондой эле ал жабыр тарткан жарандар жок экенин кошумчалады.
Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов аталган айылга жарандык коргонуу кызматы жөнөп кеткенин билдирди.