БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда 2018-жылдын аягында "Онкоробот" пайда болорун "Известия" гезити Борбордук илим-изилдөө жана конструктордук институтуна таянуу менен билдирди.
"Адистештирилген медициналык мекеме бул долбоорго кызыгып жатат. Алгачкы робот 2018-жылдын аягында пайда болуп, аны сыноо дагы бир жылга созулат", — деп айтылат маалыматта.
Робот-хирург ракты нурлантып дарылоо жаатында колдонулат. Жаңы аппарат колдонууга ыңгайлуу болуп, дарыгерлердин жумушун жеңилдетет. Андан сырткары, онкологиялык ооруларды дарылоодо эффективдүү болорун окумуштуулар белгилешүүдө.