Жалал-Абад, 16-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы айдоочулар ийгиликтүү бизнес-план иштеп чыгып, эски авто унаалар менен акча таап жатышат.
Алар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 1970-жылы чыккан УАЗ үлгүсүндөгү авто унаасын 40 миң сомдон сатып алышкан. Аны оңдотуп, учурда эс алуучуларга кызмат көрсөтө башташты.
![Жалал-Абад облусундагы айдоочулар ийгиликтүү бизнес-план иштеп чыгып, эски авто унаалар менен акча таап жатышат. Жалал-Абад облусундагы айдоочулар ийгиликтүү бизнес-план иштеп чыгып, эски авто унаалар менен акча таап жатышат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103430/51/1034305159_61:0:986:581_600x0_80_0_0_c7d76eefadbed39df76436828d9adf1f.jpg)
![Алар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 1970-жылы чыккан УАЗ үлгүсүндөгү авто унаасын 40 миң сомго сатып алышкан. Аны оңдотуп, учурда эс алуучуларга кызмат көрсөтө башташты. Алар жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 1970-жылы чыккан УАЗ үлгүсүндөгү авто унаасын 40 миң сомго сатып алышкан. Аны оңдотуп, учурда эс алуучуларга кызмат көрсөтө башташты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103430/51/1034305164_66:0:991:581_600x0_80_0_0_4fad7820b3ae77d2a879f83db39307db.jpg)
![Жүргүнчүлөрдү ташыган жергиликтүү айдоочулар күнүнө 700-800 сомго чейин акча табышат. Жүргүнчүлөрдү ташыган жергиликтүү айдоочулар күнүнө 700-800 сомго чейин акча табышат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103430/51/1034305169_0:131:1079:810_600x0_80_0_0_0da480acf17f98ef4b02b8997bd284fc.jpg)
![Туристик аймакта жүзгө жакын таксист иштейт, ал жакта жол кире акысы 25 сомдон 50 сомго чейин жетет. Туристик аймакта жүзгө жакын таксист иштейт, ал жакта жол кире акысы 25 сомдон 50 сомго чейин жетет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103430/51/1034305174_57:0:982:580_600x0_80_0_0_2497100a001e343410082231ed73df42.jpg)
Айдоочу Ильхамбек Сатимбаевдин айтымында, Жалал-Абад облусунун туристтик аймагынын жолунда жүрүү кыйын.
"Арстанбап өзүнүн жаңгак токою менен таанымал. Ал Жалал-Абад шаарынан 74 чакырым алыстыкта жайгашкан. Токойдун жолдорунда жүрүү абдан оор жана туристтер өздөрүнүн автоунааларын аяшып, биздин кызматты колдонушат. Андан сырткары, жөн эле кызыгып эски УАЗдарда жүрүүнү каалагандар дагы бар", — деди Сатимбаев.
Жүргүнчүлөрдү ташыган жергиликтүү айдоочулар күнүнө 700-800 сомго чейин акча табышат. Туристтик аймакта жүзгө жакын таксист иштейт, ал жакта жол кире акысы 25 сомдон 50 сомго чейин жетет.
Атагы аалам жарган Арстанбап тууралуу Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>