БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке аттанам деп Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдон арыз түштү. Алардын талапкерлигин "Ата-Журт" партиясы сунуштаган. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
![Экс-депутат Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков Экс-депутат Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101431/67/1014316715_0:0:4842:3552_600x0_80_0_0_308bd634d2d5f38527067a7596bb8356.jpg)
"БШКга "Ата-Журт" партиясынын кезексиз өткөрүлгөн XI курултайында президенттикке талапкер катары Келдибеков менен Ташиевдин көрсөтүлгөндүгү тууралуу чечими келип түштү", — деп айтылат маалыматта.
Ошентип, 2017-жылдын 22-июлуна карата 37 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.
Ал эми "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.
Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.