00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: Аскар Акаевди эч качан кечирбейм!

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКонференция "Россия и мир: в поисках инновационной стратегии"
Конференция Россия и мир: в поисках инновационной стратегии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевдин кандай күнөөсү бар экенин айтып берди

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Аскар Акаевди эч качан кечирбей турганын Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Иш-чарада журналисттер тарабынан 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолгондорго карата мунапыс жарыялоо мүмкүндүгү тууралуу суроо берилген.

"Жаныш Бакиев боюнча айтсам, бизде аны издеп таап жазалоо үчүн МОССАД сыяктуу чалгын кызматы жок экени өкүндүрөт. Апрель окуясына чейин да, андан кийин да канча деген кишинин өмүрүнө забын болду, миллиондогон акчаларды уурдады! Акаевди да кечирели деп айтып келишет. "Кумтөрдө" 67 пайыз үлүшүбүз жана миң тонна алтыныбыз бар эле. Жүрүп отуруп компаниядагы үлүшүбүз 16 пайызга чейин төмөндөп кетти. Мен Акаевди эч убакта кечирбейм: алдым-жуттум үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн миң тоннага чукул алтынды бөтөн кишиге кармата берди. "Жер-Үйдү" деле алалы. Акаев да 300 сомго лицензия сатып келген, Бакиевдер да Березовский менен ага жакын кишилерден бир топ эле акча алып турган", — деди Атамбаев.

Президент "Жер-Үйдү" иштете турган россиялык компанияга ага чейин инвестор болгон "Визор" казак компаниясынын карызын жабуу үчүн 100 миллион доллар берүүгө туура келгенин белгиледи. Өлкө башчы мамлекет менен элге кыянаттык кылган адамдарды кечирүүгө болбой турганын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0