Анткени аны кыргызстандык дизайнер Марсель Шейшенов ойлоп тапкан.
Дүйнөлүк бир нече сайттарга жарыяланып, катуу талкуу жараткан бул эмгек тууралуу Шейшеновдун өзү менен маектештик.
![Концепт упаковки для прохладительных напитков Bamboo Концепт упаковки для прохладительных напитков Bamboo - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103443/92/1034439277_0:0:1920:1280_600x0_80_0_0_e11957c87f585567b50d4584ab4467e6.jpg)
— Марсель, бамбуктан суусундук банкасын "сууруп" чыгып, коңшуларды бир топ чычалаттыңыз окшойт…
— Бул эми чет өлкөлүк бирөө Айгүл гүлүнөн идея алып, бир нерсенин дизайнын жасагандай эле кеп болду. Кытайлыктардын менин эмгегиме жазып жаткан ой-пикирлерин автоматтык котормо менен которуп окуп көрдүм. Чын эле эң биринчи комментарийде "Бамбук биздин маданиятыбыздын туу чокусу. Өзүбүз дүйнөдө лидер болуп туруп, эмнеге мындай дизайнды бизден башка бирөө жасады?" деп жазышыптыр.
— Андай идея өздөрүнө биринчи келбесе эмне кылалы?..
— Идея сизде качан пайда болду эле?
— Качан жана кайсы жерден келгенин так билбейм, бирок бир жыл мурда ойлоно баштагам.
![Марсель Шейшенов: бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын концепциясын жасоо идеясы бир жыл мурда келген Марсель Шейшенов: бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын концепциясын жасоо идеясы бир жыл мурда келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103443/93/1034439395_0:42:1919:1249_600x0_80_0_0_6b3f1d06e3a58e394530807f8cbb2235.jpg)
![Bamboo дизайнынан кийин Шейшеновго АКШлык фирмадан иштешүү сунушу түштү Bamboo дизайнынан кийин Шейшеновго АКШлык фирмадан иштешүү сунушу түштү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103443/92/1034439289_0:71:1919:1278_600x0_80_0_0_e240336502001fcc958befa86c6f8d8f.jpg)
![Дизайнер Bamboo суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат Дизайнер Bamboo суусундук таңгагынын дизайнын 10 миң долларга баалап жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103443/92/1034439283_0:73:1920:1280_600x0_80_0_0_3d7f41ae9fca7989f7b48378ae844b37.jpg)
— Бир нече дүйнөлүк сайттарда катуу талкууга алынды окшойт?
— Өзүм алгач жалаң таңгактардын дизайнын жарыялаган Packaging of the World сайтына илип койгом. Аз убакыт ичинде төрт миңден ашык "лайк" басылып, 700 жолу бөлүшүлүп, талкуулашты. Дүйнөнүн мен-мен деген дизайнерлери портфолио катары колдонгон Вehance деген сайтта дагы абдан жакшы пикирлер айтылды.
— Дизайнды сатып алууну каалагандар барбы?
— Азырынча сунуш түшө элек.
— Чет өлкөлүк фирма сатып алууну кааласа, канчага баалайсыз?
— Азырынча 10 миң доллар деп жатам. Бирок реалдуу сунуш болуп калса, баасын түшүрүп беришим мүмкүн. Анткени мен үчүн ал турмуш жүзүнө ашып, текчелерде тизилип турганы маанилүү.
— Бир нече ай мурда эл аралык сынакта кесиптешиңиз менен биргеликте жасаган сүттүн бөтөлкөсүнүн дизайны жеңип чыкты эле. Ал сатылып кеттиби?
— "Molocow" деген аталыш менен сүт азыктарынын таңгагы мен мурда иштеген студиянын менчиги болуп эсептелет. Жакында эле ага индиялык бир фирма кызыгуусун билдириптир. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баса, ал дизайныбызды көрүп алып, бизге логотип, таңгак жасап бер деп АКШнын Калифорния штатында косметика чыгарууга камынып жаткан фирма кайрылган. Жогоруда айткандай, ал кезде студияда иштеп жүргөндүктөн, келишимге бир аз туура келбей калган.
![Концепт упаковки молока Molocow, созданный кыргызскими дизайнерами Концепт упаковки молока Molocow, созданный кыргызскими дизайнерами - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102354/12/1023541249_0:0:1400:943_600x0_80_0_0_ea5f2cc747732cd02eb147c5cfc81aa8.jpg)
— Азыр өз алдыңызча иштеп жатасызбы?
— Рахмат, муну биз өз эмгегибиздин акыбети катары кабыл алалы. Маегибизди улантсак, идея келип калганда дароо чиймелей каласызбы?
— Ооба, антпесе тез эле эстен чыгып кетет. Мурда түн ичинде идея келсе, эртең менен эстейм деп уктап калчумун. Эртең менен турсаң, мээң бопбош (күлүп). Азыр болсо дароо телефонго же скетчбукка чиймелей коем. Кээде мээңе бир нерсе "тык" этет, ошол замат тартсаң, сонун логотип чыгат. Мисалы, "Таза коом" долбоорунун логотиби менин башымда 15 мүнөттө пайда болду. Мен ал кезде иштеп жаткан студияга буюртма түшкөн экен. Ишти мага тапшырып, эртең таң атпай тапшырышыбыз керек дешти. 15 мүнөттүн ичинде идея пайда болуп, бир саатта жибердим. Дароо жактырышты.
![Графический дизайнер Марсель Шейшенов Графический дизайнер Марсель Шейшенов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103443/88/1034438811_0:0:4016:5692_600x0_80_0_0_bb073df5f2fbf300c2366850c2080b3e.jpg)
— Кыргызстандын ичинде эмгегиңизди канча сомго баалайсыз?
— Бир фирмага командабыз менен логотип, бренд-бук жасап бергенбиз. Бардыгы биригип тогуз миң доллар болгон. Бул эми кез-кезде боло турган көрүнүш, катардагы компаниялардын иштери алда канча арзан жасалат.
— Мисалы, менин көп эмгек сарптаган макаламды эл жакшы окубай койсо, кадимкидей маанайым чөгүп, ишке көңүлүм тартпай калат. Сиздин эмгегиңиз ойдогудай бааланбай калганда кандай абалда болосуз?