Николай экинчинин сүрөтчүсү бул эмгектерин 1905-1915-жылдар аралыгында тарткан
Сергей Михайлович Прокудин-Горский Россияда түстүү сүрөттү тарткан алгачкы сүрөтчүлөрдөн болуп саналат. Түстүү сүрөттөрдү алуу ыкмасын ал XX кылымда эле ойлоп тапкан. Императордун сүрөтчүсү сүрөткө тартып жатканда кызыл, көк жана жашыл түстүү фильтрлерди колдонгон. Түстүү сүрөттү алуу үчүн аларды ирети менен диапроекторго койгон.
Өз эмгегин Николай II көрсөткөндө ал аябай суктанып, Россиянын аймагын түрө кыдырып сүрөткө тартып чыгууну тапшырган. Император ал үчүн атайын лаборатория менен жабдылган вагон берип, тыюу салынган аймактарга кирүү үчүн уруксат кагаздарын берген.
1905-жылдан 1915-жылга чейин Прокудин-Горский Уралдан Чыгыш Түркстанга чейин кыдырып чыккан. Анын ичинде Россия империясынын карамагындагы Орто Азия мамлекеттерин да кыдырган. Экспедициянын жыйынтыгында 400дөн ашык түстүү сүрөттөр тартылган. Алардын арасында ошол доордо жашаган элдин күнүмдүк турмушун көрүүгө болот. Айрым сүрөттөр Кыргызстанда тартылган. Императордун сүрөтчүсүнүн эмгектерин Mashable порталы барактап көргөн.
Төөгө жүк арткандар. Сүрөт Сүлүктүдөгү көмүр кенинде тартылганы айтылат. Андыктан бул аймакта көмүр ошол учурда эле казылчу деген тыянак чыгарууга болот. 1907-жыл январь
Улуу Жибек жолундагы Самарканддагы соода түйүндөрү. Жибек жана башка кездеме саткан базарлар дал ушундай көрүнчү. Андан сырткары, килемдерди да көрүүгө болот
Самарканддын чок ортосундагы имаратта иштеп жаткан чач тарач. Бүгүн бул жерлер шаардын эле көзгө басар жери эмес, бүтүндөй Өзбекстандын сыймыктана турчу аймагы
"Голодная" талаасындагы кыргыз үй-бүлө. Бул аймак Орто Азиянын чөлү деп аталат жана ал Өзбекстандын, Түштүк Казакстандын жана Тажикстандын Фарабид аймагын да өзүнө камтыйт