БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 68 жаштагы япондук каратэчи Хирохито Миягава аюу менен кармашып, аны токой арасына качып кирүүгө аргасыз кылды. Бул туурасында РИА Новости Fuji телеканалына таянып кабарлады.
Ал тоо таянган аймактагы огородунда иштеп жатканда, аюу ага капыстан кол салган. 70ке таяп калган каратэчи алдастап калган эмес. Спорттук ыкманы пайдаланып, буту менен таамайлап аюуну бир нече ирет тээп жиберген.
"Артымда бир нерсе жакындап келип калганын сездим. Кылчайсам, эки буттап туруп алып, кол салууга камынып жатыптыр. Алгач ичке тептим, андан соң төшкө жеген соң жырткычтын башы "шылк" дейт түштү. Мындан пайдаланып, дагы бир ирет тээп жибердим. Аюу тоо тарапка качып жөнөдү", — деп айтып берген ал.
Июлдан тарта аталган префектураны аюулардын аралап жүргөнү боюнча 83 билдирүү түшкөн. Полиция элди кыраакы болууга жана тоого чыкканда абайлоого чакырууда. Японияда жылына аюулардын 100гө жакын кол салуулары катталат.