БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Антивирустук ESET компаниясы WhatsApp мессенджерин колдонуучуларды алдамчылардын торуна илинип калбоого чакырды.
Компаниянын тараткан билдирүүсүнө ылайык, алдамчылар мессенджерди колдонуу максатында жазылууну узартуу үчүн акча талап кылышууда. Хакерлер компаниянын өкүлү экенин айтып, өзүнүн банк эсептерин жазууну талап кылышат.
Акча төлөөнү ишке ашыруу үчүн колдонуучуга атайын шилтеме берилип, ал аркылуу кирип банк картасынын сыр сөздөрүн жазууга азгырышат. Банк картасы тууралуу бардык маалыматты алгандан кийин анын эсебинен акчаны чыгарып кетишет.
WhatsApp буга чейин чындап эле мессенжерди бир жыл колдонгондон кийин абоненттик акы алып келген. Ушундан улам көпчүлүк колдонуучулар буга алданып калышууда. Компания акы алууну 2016-жылдын январынан тарта токтотуп, мессенджерди бекер кылган.