БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Түркия менен Грузиянын чек арасындагы көзөмөл пунктунда машинанын жүк салуучу бөлүгүнөн табылган аял адам сатуу аракетинин курмандыгы эмес. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын ЖМКлары Грузиянын жараны айдап бараткан машинанын багажнигинен кыргызстандык аял табылганын жазып чыгышкан.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Артвин провинциясынын Кемалпаша районунун полиция башкармалыгы менен байланышкан. Алынган маалымат боюнча Кыргызстандын жараны чек араны өз ыктыяры менен өтүүгө аракет кылып, адам сатуунун курмандыгы болгон эмес.
ТИМ тараткан билдирүүдө кармалган жаран Түркиянын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылары айтылат.