БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ысык-Көл Тоң районундагы Орто-Токой суусуна чөгүп кеткен аялдын сөөгү бакка асылып калгандыктан куткаруучулар чыгара албай жатканын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"7-август күнү саат 21.30 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы Орто-Токой суусунан болжол менен 25-30 жаштагы аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин куткаруучулары барып, суунун деңгээли бийиктигинен даракка асылып калган сөөктү ала албай коюшкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Сөөктү алып чыгуу иштери бүгүн улантылмакчы.
Мындан тышкары, ӨКМдин куткаруучулары бүгүн дагы сууга аккан эки адамды издешет. Биринчиси — Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын тургуну, экинчиси — Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын жашоочусу. Экөөнү тең агын сууга алып кеткен.