Комуз чертип баштаганда манасчылар сыяктуу биз да башка дүйнөгө сүңгүп киргендей болобуз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине комузчу Эламан Каныбеков айтып берди.
Ал музыка дүйнөсүнө 5-классынан баштап аралашып, учурда профессионал комузчу.
"Менин комузда ойноп калышыма апам себепкер болду. Убактым оюн менен өтүп кетпесин деп комуз ийримине берген. Негизи бул тармакка кокустан келип калгам, бирок азыр эч өкүнбөйм. Анткени комуз менин кесибим, ушул менен нан таап жеп, жан багып, ушунун артынан канча жерди, элди көрүп жатам. Комуз ойноп жатканда биз дагы манасчылар сыяктуу башка дүйнөгө кирип кеткендей болуп, ар бир аткаруубуздан эргүү, ырахат алабыз", — деди Каныбеков.
Ал ошондой эле комузда түрдүү күүнү, дүйнөлүк хиттерди чертүү үчүн аткаруучу күчтүү болушу керектигин кошумчалады.