БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанга "MONGOL RALLY" турунун катышуучусу Грэм Донохо келди.
Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чарада 219 команда ат салышууда. Анда айдоочулар GPS навигаторду колдонбой Улуу Британиядан чыгып, Евразия чөлкөмү аркылуу Монголияга жетүүсү каралган.
Бишкек шаарында мүйүздүү саксагай автоунаасы менен жүргөн Грэм Донохо дагы аталган турга катышып, Кыргызстан аркылуу Улан-Баторго сапар тарткан.
Андан сырткары, алардын жеңил машиналары бири-биринен өзгөчөлөнүп туруусу керек.
Саякатчылардын сайтындагы маалыматтарга ылайык, саксайган унаа "TEAM JACKIE MOO-ART" командасына таандык, анын тышкы жасалгасын сүрөтчү Хилари Баркер жасаган. Унаа ээси Донохонун айтымында, өзгөчөлөнгөн унаа чек арадан эч тоскоолдуксуз тез эле өтүп кетүүдө.
Саякатчы аталган иш-чаранын алкагында Альцгеймер оорусун кабылгандарды дарылоого каражат чогултуп жатат.