Президент Алмазбек Атамбаев 7-августта Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алган. Анда жаңы окуу жылына даярдык көрүү маселелери талкууланып, министр 1-сентябрдан тарта өлкө мектептеринде 27 предметтин окуу китептери менен айрым куралдары сыноодон өтө тургандыгын кабарлаган. Sputnik Кыргызстан ири долбоордун оош-кыйышын иликтеп көрдү.
Жаңы баштала турган окуу жылда өлкө аймагындагы 56 мектептин 5-6-классынын окуучулары бардык предметтер боюнча жаңы китептер менен окуй баштайт. Бир жыл ичинде ал окуу китептери сыналып, кийинки окуу жылда сунуш-пикирлерди эске алуу менен аларды толук колдонууга берүү пландалууда.
1,5 млн. доллар акча азырынча апробация үчүн гана… башкысы мазмун
Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, китептерди жаңылоого 1,5 миллион доллар акча каражаты тартылган.
Андан сырткары быйыл 30 инновациялык мектептин 7-9-классынын окуучулары үчүн жаңы мазмундагы китептер пилоттук негизде пайдаланууга берилет.
Министрликтин адиси Чынара Курбанованын айтымында, китептерди жаңылоо аракеттери бир нече жылга созулат.
"Бул иштер көп убакытты талап кылат. Мисалы, китептерди окумуштуулардын текшерүүсүнөн өткөрүп, басылмадан чыгарып жана мазмундуулугу бааланат. Ушундан кийин гана китептер көп санда чыгарыла баштайт. Учурда 5-6-класстар үчүн китептер өзгөртүлүп сентябрда ишке берүү пландалып жатат. Ошентип китептер 2018-2019-окуу жылына карата бүт бойдон толукталып берилет. Андан сырткары, 11-класска чейинки өтүлчү сабактардын китептери бар", — деди Курбанова.
Бул долбоордун алкагында окуу программалары дагы өзгөрө турганы айтылды.
Китептин тагдырын чечүүгө мугалимдердин да катышуусу зарыл
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметов жаңы китептерди тандоодо мазмунуна өзгөчө көңүл буруу керек экендигин айтат. Анын баамында, бул жараянга окумуштуулар менен практиктер биргеликте катышуусу керек.
Андан сырткары, профессор мазмундуу окуу куралдарын тааныш-билиш аркылуу эмес, сынак менен тандоо керек экендигин белгилейт.
Өлкөдөгү мектептердин окуучулары үчүн иштелип жаткан китептерди Кыргыз билим берүү академиясы даярдап чыгып, ал иштер менен атайын бир бөлүм алектенүүдө.
Академиянын вице-президенти Алмазбек Токтомаметов жаңылоонун алкагында китептердин мазмуну бир топ өзгөрүүгө дуушар болду дейт.
"Акыркы мезгилде окуу куралдарынын деңгээли түшүп, каталар арбын болуп кетти делген көп сөздөр айтылып келет. Буга байланыштуу азыр саналуу мектептерге сыноо катары айрым китептерди даярдап, министрликке сунуштадык. Китептер экспертизадан өтүп, окуучулардын жаш курагы өңдүү маселелер эске алынды. Ошентип отуруп окуу куралдарынын мазмуну бир топ өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Биз чет өлкөнүн эмес, Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууга аракет кылдык", — деди Токтомаметов.
Ал эми өткөн жылы баштапкы класстардын окуу китептери апробацияланып, пайдаланууга берилген.
Жаңы үлгүдөгү китептерди иш жүзүндө колдонуп жаткан Ош облусунун Кара-Суу районундагы №66 мектебинин директору Гүлсүн Үсөнованын айтымында, мурдагы китептер балдардын кабыл алуусу үчүн оор болчу.
"Жаңы үлгүдөгү китептерди 2016-17-окуу жылында пайдаландык. Мазмуну боюнча жеткиликтүү жана тышкы жасалгасы да жакшы экен. Андан сырткары, сүрөт менен музыка боюнча да жаңы китептерди пайдаланып жатабыз. Буга чейинки окуу китептеринде ката арбын болуп, балдардын кабыл болуусу үчүн оор болчу", — деди Үсөнова.
Аталган долбоордун алкагында 1-класстан 11-класска чейинки 27 сабактын китептери жаңыланып, өлкө аймагындагы эки миңден ашык мектепти камтыйт. Алар акысыз берилет.
Министрликтен учурда өлкө аймагындагы мектептердин 83,6 пайызы китеп менен камсыздалгандыгын айтышты. Анын ичинде кыргыз тилдүү мектептерде китеп жетиштүү, орус мектептердин 68 жана өзбек тилдүү мектептердин 83 пайызында китептер толук.