БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы Тышкы иштер министрлигинин элчилери менен консулдарынын өткөн жылкы киреше-чыгашалары тууралуу декларациясын жарыялады.
Тизмеде 30 дипломат жана министр менен анын үч орун басары бар. Алардын кээ бирлери кызматынан кеткен.
Тагыраагы, министрдин орун басары Алмаз Усенов 870 миң сом тапса, дагы эки орун басардын ар бири 900 миң сомдон алган.
Миллионерлердин тизмесин министр Эрлан Абдылдаев баштайт, ал бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан. Дагы үч дипломаттын маянасы 1 миллиондон ашса, 12 элчинин айлыгы эки миллиондон ашык сомду чапчыган.
Ал эми жети элчинин былтыркы жылкы маянасы үч миллиондон ашат.
![Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102499/35/1024993542_57:0:974:575_600x0_80_0_0_b0dea71ab0f7ef3e429ba9944285c3b3.jpg)
![Асеин Исаев бир жылда 3 миллион 591 миң сом тапкан Асеин Исаев бир жылда 3 миллион 591 миң сом тапкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102821/80/1028218017_0:220:2053:1510_600x0_80_0_0_70e5e002d1465de75f1d0138cfc2b7aa.jpg)
![Эрлан Абдылдаев бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан Эрлан Абдылдаев бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102922/27/1029222759_0:0:1620:1018_600x0_80_0_0_117c1929f8ed0f809a9e3c8271d4bbd9.jpg)
- Авазбек Абдуразаков (Иран) — 3 миллион 53 миң сом;
- Аскар Бешимов (Түштүк Корея) — 3 миллион 64 миң;
- Гүлнара Искакова (Улуу Британия менен Түндүк Ирландия) — 3 миллион 192 миң;
- Нурлан Ниязалиев (Катар) — 3 миллион 434 миң;
- Асеин Исаев (Бельгия) — 3 миллион 591 миң;
- Жусупбек Шарипов (Кувейт) — 3 миллион 861 миң сом.
Декларация тапшыргандардын арасында БУУнун жана Женевадагы эл аралык уюмдарда Кыргызстандын өкүлү Данияр Мукашев дагы бар. Бирок анын декларациясын ачууга мүмкүн болбоду.
Ал эми КРдин президенти Алмазбек Атамбаев былтыр негизги кызмат ордунан 1 миллион 247 миң сом айлык алганы көрсөтүлгөн.