БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. 2019-жылы түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун бир бөлүгү болгон Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Замир Искаков билдирди.
![2019-жылы түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун бир бөлүгү болгон Нарын дарысынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктайт 2019-жылы түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун бир бөлүгү болгон Нарын дарысынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктайт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103471/94/1034719419_50:0:1233:744_600x0_80_0_0_2b75c6087ac8467eda8189e1606b77cd.png)
![Даярдык көрүү иштери жазында башталып, тирөөчтөр орнотулган Даярдык көрүү иштери жазында башталып, тирөөчтөр орнотулган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103471/93/1034719341_75:0:1226:724_600x0_80_0_0_0f855d87f4ae2921c83f3f0ed5b0e832.png)
![Бир көпүрөнүн узундугу 396 метр болсо, экинчисиники 1086 метрге жетет Бир көпүрөнүн узундугу 396 метр болсо, экинчисиники 1086 метрге жетет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103471/93/1034719371_55:0:1345:811_600x0_80_0_0_b42bd153ff000972101befc1e9a103a8.jpg)
![Алар жолдун 284 жана 282-чакырымдарында жайгашкан Алар жолдун 284 жана 282-чакырымдарында жайгашкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103471/93/1034719352_0:92:959:695_600x0_80_0_0_156713c9bd5791c6f3cceebafa7c2405.jpg)
![Көпүрөлөрдүн туурасы 13,5 метр болот. Көпүрөлөрдүн туурасы 13,5 метр болот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103471/93/1034719346_2:0:1356:851_600x0_80_0_0_b1369de61e42af53ca34293079836762.jpg)
Анын айтымында, даярдык көрүү иштери жазында башталып, тирөөчтөр орнотулган. Бир көпүрөнүн узундугу 396 метр болсо, экинчисиники 1086 метрге жетет. Алар жолдун 284 жана 282-чакырымдарында жайгашкан. Көпүрөлөрдүн туурасы 13,5 метр болот.
"Буга чейин эки тоннель курууну ойлонуп жатканбыз. Кийинчерээк бир тоннелдин ордуна эки эстакадалык көпүрө куруу боюнча чечим кабыл алынды. Алар жерден 30-40 метр бийиктикте жайгашат", — деди Искаков.
Адистин айтымында, курулуш иштери 2019-жыл менен аяктайт. China Road компаниясы подрядчы болуп эсептелет.
433 чакырымдык жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтүп, долбоордун баасы 850 миллион долларга бааланган. Жолдун курулушу үч фазадан турат.