Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган ишкана тарабынан өлкөнүн кайсы аймактарына газ берилип, дагы канчасын көгүлтүр от менен камсыз кылуу пландалып жаткандыгын билип көрдү.
2015-жылдын 30-январында өкмөттүн кезексиз жыйынында "Газпром" ишканасы тарабынан Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схема жана 2015-2017-жылдарга инвестициялык программа көрсөтүлгөн. Программанын алкагында учурда планда каралган өлкөнүн аймактарын газ менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат.
2016-жылы газ менен камсыз болгон аймактар
Аталган ишкананын маалыматына ылайык, план боюнча былтыркы жылы Бишкек жана Чүй облусунун 10 жаңы конушуна газ берилип, 2500 түтүн көгүлтүр от менен камсыз болгон.
Алар: Керемет, Касым, Щербаков, Бурдинский, Салам-Алик, Жеңиш, Балбан-Таймаш, Кайыңды, Керамика жана Мыкан жаңы конуштары.
2017-2018-жылдары газ менен камсыз боло турган аймактар
"Газпром" ишканасынын маалыматына ылайык, газ түтүктөрү жаңы конуштардын негизги көчөлөрүнө гана орнотулуп, тургундар үйүнө чейин түтүктү өздөрү чойдуруп алат.
Белгилей кетчү нерсе, ишкананын Кыргызстан элин газ менен камсыз кылуу инвестициясынын жалпы көлөмү 2015-2016-жылдары 20 миллиард сомду түзгөн.