00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ошто унаасын алыш үчүн ээсин тындым кылган кишилер кармалды

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Уголовное ответственность на нарушение ПДД
Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул факты боюнча шектелип Балыкчы шаарынын 22 жаштагы жана Талас районунун 21 жаштагы тургундары колго түшүрүлгөн

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында 25 жаштагы эркек ишини өлтүрүп, унаасын айдай качкан эки бала кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, 11-август күнү саат 22:30дар чамасында Ноокаттын Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан күч колдонулуп өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган. Ыкчам тергөөчүлөр ал буга чейин изделип жаткан Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын 25 жаштагы жашоочусу экенин аныкташкан. Ал эми ага таандык Lexus IS200 үлгүсүндөгү унаасы Бишкектин Свердлов районундагы булгары заводунун жанындагы бак-дарактардын арасынан табылган.

Бишкектик таксистти бычактоого шектелгендер окуянын чоо-жайын айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик таксистти бычактоого шектелгендер окуянын чоо-жайын айтып берди
Аталган факты боюнча шектелип Балыкчы шаарынын 22 жаштагы жана Талас районунун 21 жаштагы тургундары кармалган. Алардын бири аскердеги милдетин декабрь айында өтөп бүтсө, экинчиси Ош шаарындагы аскер бөлүктүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.

Шектүүлөрдүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, балдардын бири 29-июлда Балыкчыдан Ош шаарына келип, аскерде бирге кызмат өтөгөн достору менен жолугушкан. Акчасы жок калганда бир досу менен жолугуп, унаа уурдап сатуу тууралуу макулдашышкан. Алар 5-август күнү саат 20:30дар чамасында Оштун Анар кичи шаарчасына келип, жолдун четинде токтоп турган Lexus IS200 унаасынын айдоочусунан Аравандын Гүлбаар айылына жеткирүүнү суранышкан. Бирок айтылган дарекке жетпей айдоочуну муунтуп өлтүрүшкөн.

Андан соң унааны айдап Бишкекке келишкен да, 26 жаштагы бөлөсүнөн сатып берүүнү суранган. Бирок ал макул болбогондуктан, унааны булгары заводдун жанына токтотуп кетишкен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0