БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бүгүн байыркы Ош шаарында түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени өтүүдө.
![Бүгүн байыркы Ош шаарында түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени өтүүдө Бүгүн байыркы Ош шаарында түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени өтүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103481/49/1034814962_0:65:1032:714_600x0_80_0_0_00ff512d11044dd456ddbff878e805e9.jpg)
![Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтойт Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтойт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103481/49/1034814957_0:70:1031:719_600x0_80_0_0_ad73a245dcca7de7c9417cc65bdfbe6c.jpg)
![Иш-чара андан ары сейил бакта уланып улуттук музыка, бий, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана улуттук тамактардын жасалышынын көргөзмөлөрү өтөт. Иш-чара андан ары сейил бакта уланып улуттук музыка, бий, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана улуттук тамактардын жасалышынын көргөзмөлөрү өтөт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103481/49/1034814952_0:66:1032:715_600x0_80_0_0_a54a8922a5cb6d1f8f6db71d47a28767.jpg)
Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтойт. Иш-чара андан ары сейил бакта уланып улуттук музыка, бий, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана улуттук тамактардын жасалышынын көргөзмөлөрү өтөт.
Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлөт.