БИШКЕК, 20-авг. – Sputnik. Улгайгандар чочулап, башкалар аларды аңдыйт деген кооптуулуктан улам Facebook тармагына аз жазышат. Бул туурасында РИА Новости Telematics and Informatics журналына шилтеме кылып жазды.
"Алардын баш оорутканы — өздөрү тууралуу башкалар билип алат деп коркушу. Иликтөөгө катышкан пенсионерлердин жеке маалыматтарын чоочундар билип алат деп саксактап турганы байкалды", — деп айткан Пенсильваниядагы университеттин окумуштуусу Шиам Сандар.
Иликтөөлөрдө белгилүү болгондой, улгайгандардын көпчүлүгү соцтармактарда балдарын, неберелерин жана туугандарын "аңдуу" үчүн катталышат экен.