БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда "Ысык-Көл — 2017" аталышындагы IV экономикалык форум өтөт. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, форум Ысык-Көл жээгинде 22-августта болот. Ага Кытай, Сингапур, Россия жана Казакстандан келген компания өкүлдөрү жана бизнес-ассоциациялар катышат.
Иш-чарада курулуш, туризм, саламаттыкты сактоо, каржы тармактарындагы кызматташуу боюнча тегерек столдор болуп, Евразиялык экономикалык биримдиктин мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.