БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон. Бул тууралуу Индиянын ак илбирстерди сактоо фондунун ыктыярдуу элчиси, Болливуддун жылдызы Дия Мирза билдирди.
Актриса жана "Индия сулуусу — 2000" сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон. Ал жоголуп бара жаткан бул жандыктарга кайдыгер мамиле жасабаган адамдарга ыраазычылык билдирди.
![Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон. Ак илбирстерди сактоо боюнча онлайн-петицияга 50 мамлекеттин жарандары кол койгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103487/93/1034879316_0:0:2399:1508_600x0_80_0_0_ac1650620552cffd8066360cd8e902cf.jpg)
![Актриса жана Индия сулуусу — 2000 сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон. Актриса жана Индия сулуусу — 2000 сынагынын жеңүүчүсү ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда петицияны өткөрүп берүү укугуна ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103487/93/1034879322_0:904:1665:1951_600x0_80_0_0_8571d368c97260e671dbcdba3c5ed077.jpg)
"Өтүп жаткан эл аралык форум өтө маанилүү. Анын алкагында жоголуп бара жаткан ак илбирсти сактоо боюнча бир консенсуска келишибиз керек. Бизди дүйнө жүзү колдоп жатат, буга 50 мамлекеттен чогулган петиция далил боло алат. Эми биз мойнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, сезе билишибиз керек", — деди Дия Мирза.
Болливуд жылдызы коомчулукту петицияга кол коюуга чакырык жасаган Леонардо Ди Каприого ыраазычылык билдирди.